Иран футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын оюндарын АКШдан Мексикага которууну сунуштады

Ирандын улуттук футбол командасы. 2025-жыл, 25-март. Тегеран.

Ирандын Футбол федерациясы Дүйнө чемпионатынын алгачкы оюндарын Америкада эмес Мексикада өткөрүү маселеси боюнча FIFA менен «сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат». Бул тууралуу федерациянын президенти Мехди Таж билдирди.

«АКШнын президенти Дональд Трамп Иран улуттук курама командасынын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын ачык айтканда, биз, албетте, Америкага барбайбыз», — деди Таж Ирандын Мексикадагы элчилигинин X социалдык тармагындагы баракчасында.

Анын айтымында, учурда Иран өз оюндарын Мексикада өткөрүү боюнча FIFA менен сүйлөшүп жатат.

Буга чейин Дональд Трамп 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Ирандын улуттук командасынын катышуусу туура эмес болорун билдирген.

«Ирандын улуттук футбол командасы Дүйнө чемпионатына катыша алат, бирок алардын өз өмүрү жана коопсуздугу үчүн бул туура эмес деп эсептейм», — деп жазган Трамп 12-мартта өзүнүн Truth Social платформасында.

Мелдешти Канада, Америка жана Мексика биргелешип өткөрөт.

Дагы караңыз

Израил Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Ларижани каза болгонун кабарлады"Мурдагы мэр мыйзамга баш ийген эмес". Орунтаев Ошто ишкерлер менен жолугушуудаКамчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас милицияга суракка чакырылганы кабарландыБозпиекте жана Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди