ИИМ "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип төрт киши кармалганын билдирди

ИИМ, Салык кызматы тараткан сүрөт. 2026-жыл.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектүүлөр кармалганын 18-мартта кабарлады. ИИМдин маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ага тиешеси бар адамдар аныкталды.

Кылмышка шектелип "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1993-жылы туулган Н.Н., анын мурдагы орун басары, 1980-жылы туулган А.Р., ишканага байланышы бар компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. жана ошол ишкананын мурдагы директору, 1990-жылы туулган М.Б. кармалды. Шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылып жатканын билдирди.

ИИМдин маалыматындагы адамдардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишановун атына дал келет.

Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

17-мартта ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бардыгын маалымдаган.

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.

18-мартта президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" ишканасы өндүргөн күйүүчү май буга чейин жергиликтүү компанияларга мажбурлоо жолу менен сатылып келгенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Орунбековдун айтымында, "Кыргызнефтегаз" 2021-жылдан тартып туунду ишканасы “Кыргыз Петролеум Компани” менен чогуу Камчыбек Ташиевдин таасиринде болгон. Ишканага Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетекчи болуп дайындалган. Орунбеков Мамлекеттик салык кызматы ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгонун иликтеп таап, айтып чыкканын белгилеген.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.(КЕ)

Дагы караңыз

"Түндүк" аркылуу мүлктү кайра каттоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү түзүлөтАлматыда КазТАГдын башчысы Матаев, активист Бокаев кармалдыСүрөтчүлөр үйүнүн жерин Президенттин иш башкармалыгына алуу маселеси шаардык кеңеште каралган жокТИМ "Азаттык" Түркиядан тарткан, кулчулукка кабылган келиндин паспорт алуусуна көмөк көрсөтөт