Израил Ирандын чалгын кызматынын жетекчиси Эсмаил Хатиб жок кылынганын кабарлады

Эсмаил Хатиб (ортодо). Архив

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Ирандын чалгын министри Эсмаил Хатиб шаршембиге караган түнү урулган сокку учурунда жок кылынганын билдирди.

Тегеран башкы чалгынчысы набыт болгону тууралуу маалыматты бышыктай элек.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ал Иран башкалаасында жүргүзүлгөн операциянын бутасы болгонун Телеграм каналында билдирди:

“Хатиб Ирандагы соңку нааразылык акцияларда, тактап айтканда, демонстранттарды камоо жана өлтүрүүдө маанилүү роль ойногон”.

Кац Изарилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана Коргоо министрлиги буга чейин ЦАХАЛга кошумча көрсөтмө албастан ирандык жогорку аткаминерлерди бутага алууга уруксат бергенин билдирди.

АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы операция баштагандан бери жогорку лидер аятолла Али Хаменеи баш болгон ондогон ирандык жетекчи өлтүрүлдү.

Алдыңкы күнү эле Иран коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани менен аскерлештирилген түзүмдүн командачысы Голамреза Сулейманинин өлүмүн тастыктаган.

Ларижанини акыркы сапарга узатууга шаршембиде Тегеранда режимдин миңдеген тарапташы чыкты.

Ирандын бийлиги жетекчилердин өлүмү үчүн өч аларын айтууда.

Былтыр жыл этегинде башталып, январдын аягына чейин уланган толкундоолордо, укук коргоочу уюмдардын эсебинде, Ислам жумуриятынын бийлигинин колунан миңдеген киши каза тапкан. Бирок реалдуу сан эселеп ашары болжолдонот.

Дагы караңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Пакистан менен Ооганстанга барбай турууга чакырдыИИМ "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип төрт киши кармалганын билдирдиУКМКнын айрым кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду