Быйыл борбор калаада Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулат Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 19-мартта билдирди. Муфтият тараткан маалыматка караганда, саат 07:00дөн баштап куран окулуп, диний баяндар айтылат. Айт намазы 08:30да окулат.
Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамына карата 10 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздай турганын билдирди.
Ал эми аймактарда Орозо айт намазы жума мечиттерде окулат.
Орозо айы быйыл 19-февралда башталган, айт 20-мартта болот.
Кыргызстанда соңку жылдары коопсуздуктан улам Орозо жана Курман айт намазы мечиттерде гана окулуп келген.
Бир канча жылдары Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген киши катышып келген.
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган.(КЕ)