15 жаштагы секелектин өлүмү суроо жаратты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр жыл соңунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 15 жаштагы Жибек Сулайманова фостердик үй-бүлөдө каза тапкан. Милициянын маалыматында, секелек кыз малканадагы жипке асынып алган. Бирок маркум кыздын апасы мамлекеттик органдар анын эки жашы жете элек баласын багуучу үй-бүлөгө негизсиз өткөргөнүн айтууда. Мындан улам эне кызынын өлүмүнө жеткирген окуяны териштирүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылды.