Орозо айт намазы Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулду.
Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Президент өзүнүн майрамдык куттуктоосунда Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда болуп жаткан саясий кризистер менен куралдуу жаңжалдар жалпы адамзат үчүн олуттуу сыноо болуп турганын белгилеген.
"Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштук жаңжалдар менен чыңалуулар эртерээк токтоп, бардык элдер үчүн тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орносун деген тилегибизди билдиребиз", - деген Жапаров.
Кыргызстанда акыркы жылдары Орозо жана Курман айт намаздары мечиттерде гана окулуп келген.
Ички иштер министрлигинин маалыматында бул күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылды.
Быйыл Орозо айы 19-февралда башталган. (ST)