Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтты.
"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды дагы Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим", - деди Ташиев.
УКМКнын мурдагы төрагасы кимдер аны каралап, жалаа жаап жатканын ачык айткан жок.
Айрым медиалар Ташиев Бишкектеги Жал кичи районундагы мечитте окулган Айт намазга барганын жазышты. Интернетте тараган видеолордон анын жанында Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жүргөнүн көрүүгө болот.
Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги Эски аянтта эки жылдан бери биринчи жолу Айт намаз окулду. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.
Бир ай мурда кызматынан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке кайтып келди. ИИМдин тергөө мекемеси аны ошол эле күнү беш саат суракка алгандан кийин бошотту.
Ал эки кылмыш иши - "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупция жана "75 кишинин кайрылуусуна" байланыштуу сурак бергени кабарланууда. Ташиев тергөөгө маалыматты таратпоо жөнүндө тилкат бергени айтылган.
ИИМ ал кайсы маселе боюнча суракта болгону тууралуу расмий маалымат бере элек.
Ага чейин Салык кызматы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схемалар деген иликтөө жарыялап, ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 4 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирген.
Эки күн мурда “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка алынып жатканы тууралуу маалымат тарап, ИИМ аны четке каккан.
Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди 10-февралда ээлеген кызматтарынан бошоткон. Германияда дарыланып жатканы айтылган Ташиев аны иштен алуу чечими "өтө күтүүсүз болгонун" билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кеткен. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган эмес.
Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин бир катар депутаттар, анын ичинде иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырды. УКМКдагы ишенимдүү кадрлары жана саясий чөйрөдөгү аны менен жакын экени айтылган айрым адамдар камакка алынды. (ST)