Энергетика министрлиги Орто-Токой ГЭСи быйылкы жылы ишке берилип, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк бере турганын 24-мартта билдирди. Мекеме маалымдагандай, учурда ГЭСтин курулушу активдүү фазада жүрүп, акыркы баскычка өттү.
"110 кВ чыңалуудагы аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу жайларына курулуш материалдарын жана атайын техниканы жеткирүү үчүн кирүүчү жолдорду уюштуруу иштери аткарылууда. Учурда жер казуу жана тирөөчтөрдүн пайдубалын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Суу алуучу шахтанын монолит конструкцияларын бетон менен куюу иштери толугу менен аяктады. Учурда жапкычтын көтөрүүчү механизми жайгаштырылуучу шахтанын үстүндөгү имараттын каркасын курууга даярдык иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда ГЭСтердин 90% ички инвесторлор куруп жатканын, 2025-жылдан 2028-жылга чейин чакан ГЭСтерден 406 мегаваттка (МВт) жакын кошумча генерация пайда болорун билдирген. Министрдин айтымында, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому 30 МВт’ка чейинки ГЭСтерди тейлейт. Ал Орто-Токой суу сактагычында 21 МВт, Папан суу сактагычында 27 МВт, Токтогул ГЭСинин жанындагы Каракөл дарыясында 18 МВт чакан ГЭСтерди курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алып же кытайлык инвесторлорду тартып салып жатканын айткан.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (КЕ)