Украин дрондору Ленинград облусундагы портту бутага алды

Ленинград облусундагы Усть-Луга портуна чабуулдун кесепети. 2024-жыл.

25-мартка караган түнү дрондор Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга портун бутага алды. Аймак губернатору Александр Дрозденконун айтымында, Усть-Лугадагы «порт аймагында» чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин телеграм-каналдар «НОВАТЭК-Усть-Луга» заводуна сокку урулган. Украин армиясынын Башкы штабы бул маалыматты ырастады.

«Алдын ала маалымат боюнча, резервуарлар жайгашкан парк жана мунай азыктарын куюп/төгүүчү жабдуулар жабыркаган. Ишкананын аймагында өрт катталды», — деп билдирди украин аскерлери.

Усть-Луга порту Фин булуңунун түштүк жээгинде жайгашкан. Ал 2024 жана 2025-жылдары да чабуулдарга кабылган. Былтыр январдагы чабуулдан кийин «НОВАТЭК» заводунун иши бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган.

Санкт-Петербург шаарынын башчысы Александр Беглов билдиргендей, Кронштадтта дрон чабуулунун натыйжасында бир нече турак үйдүн айнектери жарым-жартылай жабыркаган.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 25-мартка караган түнү коюлган дрон соккусу акыркы бир жылдагы эң ири чабуул болду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түн ичинде 389 украин дрону атып түшүрүлгөн.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин дрондорунун чабуулунан бир адам набыт болуп, аймактагы 450 миңге жакын адам жарыксыз калды.

Орус армиясы андан мурда Украинанын баардык аймактарына дрон менен жапырт чабуул койгон. Согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы дрон чабуулуна дуушар болуп келет. Расмий Киев анын көбү тууралуу комментарий бербей. Адатта украин бийлиги Москванын согуш машинесин жүргүзүүгө колдоо көрсөткөн обьектилерди бутага аларын билдирип келет.

Дагы караңыз

УКМК кадрдык дайындоолорго кийлигишүүлөр тууралуу маалыматтарды четке какты УКМК Чүйдө сот системасында коррупциялык схема аныкталганын билдирдиЕККУнун башкы катчысы Кыргызстанда аялдар саясатка кеңири катыша аларын белгиледи