Трамп Тегеранды сүйлөшүүлөргө «олуттуу мамиле кылууга» чакырды

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 25-март, 2026-жыл.

Дональд Трамп Тегеранды сүйлөшүүлөргө «олуттуу мамиле кылууга» чакырып, НАТОну Иран маселеси боюнча сынга алды

Трамп Иран өкүлдөрү АКШ–Израиль аба соккуларын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө «кеч боло электе олуттуу кадам жасашы керек» экенин билдирди.

«Алар бизден келишим түзүүнү “жалынып” сурап жатышат, анткени алар аскердик жактан толугу менен талкаланды жана кайра күч топтоого эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Бирок ошол эле учурда эл алдында биздин сунушту жөн гана “каралып жатат” деп айтышууда», — деп жазды Трамп 27-мартта Truth Social социлдык тармагына.

Бир күн мурда Иран АКШ сунуштаган 15 пункттан турган тынчтык планын карап жатканын билдирип, ошол эле учурда жаңжалды токтотуу үчүн өзүнүн беш шартын сунуштаган.

Трамп дагы бир билдирүүсү аркылуу НАТОну АКШга бул кампанияда жардам бербей жатат деп сынга алып, «Америкага НАТОдон эч нерсе керек эмес» деп жазды.

Өткөн жумада Трамп НАТОдон мунай жана газ ташууда маанилүү болгон Ормуз кысыгын коргоого жардам берүүнү суранган. Азыр ал жакта кеме кыймылы дээрлик токтоп турат. Буга Ирандын айрым кемелерге жасаган соккулары жана жаңы коркутуулары себеп болду.

НАТОго мүчө болгон айрым Европа өлкөлөрү жаңжал аяктагандан кийин жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдиришсе, башкалары конкреттүү план жок болгондуктан бул өтүнүчтү түз эле четке каккан.

Дагы караңыз

Трамп Иран менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кайталады Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссиянын курамы өзгөрөтУКМК "Оргтехстрой" ишканасынын издөөдө жүргөн башкы директору кармалганын билдирди