Пикири үчүн соттолгон Жээнтаев абактан чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жакында кызматтан алынган Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Ал тапта экс-депутат Шаирбек Ташиев күбө катары дагы бир жолу сурак берди. Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга абакка кесилген Эрнис Жээнтаев эркиндикке чыкты. Сот ага төрт жыл пробациялык жаза чегерди. Президент Трамп Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканын айтса, Ирандын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү тууралуу маалыматты четке кагууда.