Бишкекте номуру орусиялык унаа айдоочулары каттоо мөөнөтүн узартууну суранышты

Орусиялык номерлүү автоунаа айдоочулары мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранышты. 27-март, 2026-жыл. Бишкек

Бүгүн, 27-мартта орусиялык номерлүү автоунаанын 40ка жакын айдоочусу Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакка чогулуп, машинени мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранышты. Алгач абхаз, армян номерлүү унаа легалдаштырылып, аларга убакыт, кезек жетпей калганын белгилешти.

Айдоочулардын айрымдары убагында унааны мыйзамдаштыруу үчүн төлөнчү 50 миң сомду таба албай калышканын кошумчалашты.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып чет элдик номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу иши башталган. Биринчи кезекте документи барлар, экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп бергендери каттоого алынган. Андан тышкары документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөгөн.

Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Мындай автоунаага мамлекеттик номур 10-аймак катары берилери айтылган. Катталгандан кийин машинени башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары мындай унаа Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн кирди. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. (DSh/КЕ)

Дагы караңыз

ЖК төрагасы Маматалиев Орусияда кыргызстандык балдарды тил сынагынан бошотууну сунуштадыКемпир-Абад иши: Прокурор ишти кайра кароого жөнөтүүнү өтүндүАКШнын НАТОдогу өнөктөштөрү коргонуу тармагынын чыгымын бир жылда дээрлик 20% көбөйттүОрусия ээлеп алган төрт украин аймагына өзүнүн 20 облусуна караганда үч эсе көп акча бөлдү