Орусия Ростовдо украиналык дрон чабуулунан киши өмүрү кыйылганын билдирди

Орусиянын Ростов облусунун бийлиги украиналык дрондордун жапырт чабуулунан Таганрог шаарында бир киши каза тапканын, сегизи жараат алганын 30-мартта билдирди.

«Таганрог абадан жапырт чабуулга кабылды. Абадан коргонуу күчтөрү баарын жарактан чыгарды», — деп жазды Таганрогдун мэри Светлана Камбулова Телеграмга.

Учкучсуз учактардын калдыктары кулаганда бир нече турак жай, социалдык жана өнөр жай ишканаларына зыян келтирилген.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймакта абадан коркунуч тууралуу эскертүү жарыяланганын айтты.

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.

Орусиянын аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Жекшембиге караган түнү орус тарап 400дөн ашуун дрон менен чабуул койгонун Киев билдирген. Жекшембиде Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына Орусиянын чабуулунда үч киши каза тапты, арасында 13 жаштагы бала бар. Жараат алгандар акыркы маалымат боюнча 14 кишиге жетти.

Дагы караңыз

Салык кызматы карызды банк эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө бердиКыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду