"Эки жылда 207 жолу суракка чакырды". Ишкерлердин бийликке дооматы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш алкагында мамлекетке өткөнү жарыялаган мүлктөрдүн мыйзамдуулугу боюнча талкуулар жүрүп жатат. “Аю” холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылып, андан алынган айрым мүлкү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүшү мүмкүн экенин айтып чыкты. Ташиевдин жакындары бул маалыматты четке какты, ал эми президенттик кеңсе ишкердин айткандары текшерилип жатканын билдирүүдө. Ал тапта айрым саясатчылар УКМКнын өткөн беш жылдагы ишмердигин текшерчү комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Атайын кызматтын мурдагы жетекчилигине коюлган дооматтар кандай териштирилиши керек? Мындай шартта бийлик кандай кадамдарга барат? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга парламенттин экс-депутаттары Султанбай Айжигитов, Элдар Абакиров, Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова жана Исманали Жороев катышат.