31-мартка караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын жалпысынан 289 согуштук дрон менен бутага алганын өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Украин аскерлеринин маалыматына караганда, эртең мененки саат 8:00гө чейин 267 дрон атып түшүрүлдү же иштен чыгарылды.
11 жерде дрондун жыйырма соккусу катталып, дагы алты жерде сыныктары түшкөнү аныкталган.
Одесса жана Полтава облустарынын бийликтери да шейшембиге караган түнү дрон соккулары тууралуу кабарлашкан. Полтавада бир адам каза болуп, төртөө, анын ичинде эки бала жаракат алганы белгилүү болгон.
Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 31-мартка караган түнү 92 украиналык дрон "кармалып, жок кылынганын" жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, дрондор Брянск, Белгород, Ленинград, Курск, Новгород, Ростов, Псков, Смоленск, Орел, Калуга, Тверь жана Москва облустарынын аймагында атып түшүрүлдү.
Орусия коңшусу Украинага каршы ачкан согуш токтобой келатканына төрт жылдан ашты. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
Расмий Киев Орусиянын аймагын аткылоосун анын Украинага каршы аскердик, согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максаты менен түшүндүрүп келет. (RK)