Татарстандагы "Нижнекамскнефтехим"заводундагы жарылуудан эки киши каза таап, кеминде 50сү жараат алды.
Жардырууга жабдыктардын ишинин үзгүлтүккө учурашы себеп болгону болжолдонууда. Андан улам жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.
Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев заводдогу өрттү чектөө аракети көрүлүп, жумушчулар эвакуацияланганын билдирди.
Күбөлөр терезелер талкаланып, химиялык заттын жыты жыттанып жатканын айтып жатышат. Бийлик элге коркунуч жок деп ишендирүүдө.
Нижнекамскинин аэропорту убактылуу ишин токтотуп, бир нече мүнөттөн кийин кайра жанданганы белгилүү болду.
Нижнекамск районунун администрациясы 31-мартка белгиленген бардык маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрбөөнү чечти.
Татарстандын Тергөө комитети кооптуу объектилерди иштетүүдө өнөр жай коопсуздугун одоно бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.