Украина: Орусия Луцк жана Хмельницкий шаарларын аткылады

Украинанын Луцк шаарына Орусиянын соккусунун кесепети. 1-апрель, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 1-апрелге оогон түнү Украинаны аткылоону улантты.

Бул ирет бутага Украинанын батышындагы облустар алынды. Луцк жана Хмельницкий шаарларында дрондор тийген жайларда өрт чыкты.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, түнү бою Орусия 339 дрон учурду. Бул адаттагыдан көп. Анын 300дөйүн атып түшүрүүгө мүмкүн болгон. Орус тарап соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Луцк шаарында "Новая почта" компаниясынын терминалына, азык-түлүк кампаларына сокку урулду. Көп кабаттуу турак жайда да өрт тутанды. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Хмельницкийде чабуулдун кесепетинен өнөр жай объектисине зыян келтирилип, өрт чыккан. Полтава облусундагы ишкана да зыян тартып, бир киши жараат алган. Никополдо автонуаага дрон тийгенде үч киши жаракат алган.

Жалпысынан шаарда акыркы соккулардан 11 киши жараат алганы кабарланды.

Дагы караңыз

Медербек Сатыев сотторго УКМКдан басым болбогонун айттыОрусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 учагы кулап, 30 киши каза тапты