АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарды НАТОдон чыгаруу мүмкүнчүлүгүн «карап жатат». Бул тууралуу ал 1-апрелде жалпы элге кайрылуусунда да айтарын Reuters агенттигине берген маегинде билдирди.
«Мен НАТОго эч качан ишенген эмесмин. Мен ар дайым алардын “кагаз жолборс” экенин билчүмүн, аны Путин да билет», — деди Дональд Трамп.
Анын пикиринде, альянс Иран боюнча АКШнын кадамдарын жетиштүү деңгээлде колдобой жатат. НАТОдон чыгуу тууралуу ал буга чейин The Telegraph гезитине берген маегинде да айткан.
Reuters агенттигине берген маеги жарыяланардан бир нече саат мурда мамлекеттик катчы Марко Рубио «тилекке каршы, Трамптын администрациясы НАТО жана бул альянстын АКШ үчүн маанисин кайра карап чыгууга мажбур болот» деп билдирген.
Трамп жана АКШнын башка расмий өкүлдөрү Кошмо Штаттар союздаш өлкөлөрдөгү аскердик базаларды өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн эркин пайдалана албаса, анда бул альянстын баалуулугу кандай деген суроону бир нече жолу көтөрүп келишкен.
Европанын бир катар союздаштары АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна түздөн-түз катышуудан баш тартышкан. НАТОнун айрым негизги мүчөлөрү Трамптын билдирүүлөрүнө кескин реакция жасап, альянсты жана анын аракеттерин коргоп чыгышты.