2-апрелге караган түнү дрондор Башкырстандын борбору Уфа шаарына сокку урду.
Телеграм каналдар Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү завод менен эл жашаган турак жайда өрт чыкканы тууралуу сүрөт-видеолорду жарыялашууда.
Башкырстандын башчысы Радий Хабиров заводду бутага алган бир нече учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
"Биринин калдыгы өнөр жай зонасына кулады, жабыркагандар жок. Мекеменин аймагында өрт өчүрүлүп жатат", - деп жазды Хабиров Телеграм каналына.
Мониторинг жүргүзгөн каналдар кеп "Роснефти" компаниясына караштуу "Башнефть-Новойл" заводу тууралуу жүрүп жатканын билдиришүүдө.
Дагы бир дрон Уфанын Гафури районундагы көп кабаттуу үйгө тийген. Хабировдун айтымында, өрт өчүрүлдү, эч ким жабыркаган жок.
Социалдык тармактарда тараган кадрлардан бир нече батир өрттөнгөнүн көрүүгө болот.
ASTRA Телеграм каналы OSINT-анализге таянуу менен дрон тийген турак жайдын жанында "Ростех" компаниясынын заводу - "Уфа агрегаттык өндүрүш бирикмеси" жайгашканын, ал истребителдер үчүн жабдыктарды чыгарып келгенин жазды. Аталган завод АКШ, Евробиримдик, Украина, Улуу Британия, Канада, Швейцария жана Жапониянын санкциясына кирген.
"Башнефть-Новойл" буга чейин бир нече жолу бутага алынган. 2025-жылы сентябрда заводдун аймагында өрт тутанган. Радий Хабиров ал кезде өрт кулатылган дрондон улам чыкканын айткан.
ASTRA билдиргендей, бул ишкананын жанында "Башнефть-Уфанефтехим" жана "Башнефть-УНПЗ" заводдору жайгашкан. Баары тең Уфадагы "Башнефть" компаниясына кирет.
Орусиянын Коргоо министрлиги 2-апрелде украиналык 147 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.