Төрт астронавт «Орион» космос кемеси менен Американын Канаверал тумшугундгы космодромдон 1-апрелде ийгиликтүү учурулду. «Артемида-2» миссиясынын алкагында адамдар Айга жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу жөнөтүлдү. Кеме Айга конбойт. Миссиянын планы боюнча ал Жердин жандоочусунун жанынан жакын аралыкта учуп өтөт. Бул болжол менен алты суткадан кийин ишке ашары күтүлүүдө. Ал эми 10 суткадан кийин астронавттар Жерге кайтып келишет.
«54 жылдык тыныгуудан кийин НАСА кайрадан астронавттарды Айга жөнөтүү ишин жандандырды. Биз буга узак мөөнөттүү аракеттердин, улуттук деңгээлдеги чечкиндүүлүктүн жана агенттиктеги миңдеген кызматкерлердин, өнөр жайдагы өнөктөштөрүбүздүн жана эл аралык союздаштарыбыздын эмгегинин аркасында жеттик», - деди НАСАнын жетекчиси Жаред Айзекман.
«Артемида-2» - АКШнын Ай боюнча жаңы долбоорунун негизги бөлүгү. Анын алкагында астронавттар космосто жашоону камсыз кылуучу системаларды сыноодон өткөрүшү керек. Миссия ийгиликтүү болсо программа улантылат. Баары жакшы өтсө, келерки жылы Айга коно турган миссия жөнөтүлөт.
НАСА Айга конууну ишке ашырууга умтулууда. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, 1972-жылдагы акыркы «Аполлон» миссиясынан кийинки биринчи конуу болмокчу. Ошол эле учурда Кытай да өзүнүн программасын кеңейтип, 2030-жылга карата астронавттарды Айга кондурууну пландап жатат.