Трамптын кайрылуусунан кийин Ирандагы согуш басаңдаган жок

Өткөн жумада Мосулдун батышында жасалган аба соккуларынан кийин Ирактагы Иранга ыктаган «Элдик мобилизация күчтөрүнүн» мүчөлөрүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 2-апрель, 2026-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын элге кайрылуусунан кийин АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу басаңдаган жок. Тескерисинче, аба соккулары тууралуу маалыматтар чыгып, Тегеран катуу эскертүү жасады. Ошондой эле АКШнын Ирактагы жарандарына Багдадда жакынкы 24–48 саат ичинде иранчыл топтор тарабынан чабуул болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

"Азаттыктын" «Фарда» кызматы билдиргендей, 2-апрелде социалдык тармактарда Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарындагы эл аралык аэропорттон түтүн көтөрүлгөнүн чагылдырган сүрөттөр тарады.

Уруш уланып жаткан шартта Израилдин Коргонуу күчтөрү (IDF) Тегеранда Ислам революциясынын сакчылар корпусу колдонгон базага сокку урганын билдирди. Бул түзүм Израил жана АКШ тарабынан террордук уюм деп таанылган.

Ирандын Ливандагы өнөктөшү катары саналган «Хезболла» аткан ракеталардын сыныгынан Израилде 85 жаштагы бир киши жана 34 жаштагы чет өлкөлүк жумушчу жаракат алганы маалымдалды.

Сауд Арабиясынын коргоо министрлигинин өкүлү Иран тараптан учурулган төрт дрон жана бир баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди.

АКШ өкмөтү Ирактагы жарандарына кайрылып, «Иранга ыктаган ирактык куралдуу топтор жакынкы 24–48 саатта Багдаддын борбордук бөлүгүндө чабуул жасашы мүмкүн» деп эскертти.

Иранда Трамптын билдирүүлөрүнөн кийин жооп иретинде катуу риторика айтылды. Ал кайрылуусунда Иранды «таш дооруна кайтарарын» айтып, аскердик операциялар дагы эки-үч жума уланарын билдирген.

Ирандын расмий өкүлү Ибрахим Золфагари жергиликтүү маалымат каражаттарына АКШ менен Израилдин Ирандын өзөктүк жана аскердик объектилери тууралуу маалыматы «толук эмес» экенин айтып, Иран «катуу сокку» урарын эскертти.

Дагы караңыз

Кубат Чекиров чындыкты айткан журналист коркунуч эмес экенин айттыБишкекте акыркы эки айда скутерден 34 адам жаракат алдыИранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадинин абалы начарлап кеткени кабарланды