Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (СИЗО-1) тергөө абагына 16-майга чейин камалды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын Ташиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев кабарлады. Анын айтымында, Ташиевдин бөгөт чарасын сот 2-апрелде караган.
Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсү бергени маалым болду. Мурдагы депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.
ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы, бул ишти ачууга Мамлекеттик салык кызматынын жана аудитордук текшерүүнүн материалдары себеп болгону буга чейин белгилүү болгон.
25-26-март күндөрү Ташиев күбө катары суракка алынып жатканы кабарланган.
1-апрелдеги сурактан кийин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында анын макамы күбөдөн шектүү болуп өзгөртүлүп, кармалды.
Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиевди каматкан айрым жагдайларды ачыкка чыгарып, атайын видео жарыялады. Анда «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат. Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.