Бишкекте эки баласы менен терезеден кулаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.

4-апрелде кечке жуук Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен кулап кеткен аялдын окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясы билдирди.

Ошол күнү саат 18:11де милицияга кабар түшүп, 2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн 6-кабатындагы батирден 27 жаштагы келин 2021 жана 2025-жылы туулган эки баласы менен кулап кеткени аныкталган. Апасы менен кичүү баласы ошол жерде үзүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Дагы караңыз

Трамп АКШнын коргонууга жумшалуучу чыгымын 1,5 эсе көбөйтүүнү сунуштадыИт талаган баланын атасы президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун өтүнүүдөБишкекте жана Ошто жалпы 1,5 миңдей дарак отургузулдуБишкекте мейманканадагы өрттөн эки киши жабыркады