CNN: АКШ Ирандагы согушта кеминде жети учагын жоготту

АКШнын Аба күчтөрү жана Борбордук командачылыгы тарабынан жарыяланган сүрөттө F-15E Strike Eagle учагынын 2026-жылдын 16-мартында "Эпикалык каардануу" операциясы учурунда аскердик миссияны аткаруу үчүн учуп баратканы белгиленген. Сүрөт кай жерде тартылганы белгисиз

АКШ Ирандагы согушта кеминде жети учагын жоготконун CNN телеканалы эсептеп чыкты.

Анын ичинде 3-апрелде Ирандын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн F-15E Strike Eagle истребители бар. Ал эми А-10 Thunderbolt II учагы F-15 тик учагынын экипажын куткаруу операциясында күйүп кеткен.

CNN жазгандай, ага чейин 2-мартта F-15 үлгүсүндөгү үч истребител Кувейттин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. 12-мартта Иракта КС-135 учагы кыйрап, алты кишиден турган экипаж мүчөлөрү каза тапты. 27-мартта E-3 Sentry учагы Иран Американын Сауд Арабиясындагы аба базасына сокку урганда талкаланган.

Мындан тышкары мартта F-35 истребители ирандык күчтөрдүн аткылоосуна кабылгандан кийин Жакынкы Чыгыштагы аба базалардын бирине авариялык конууга аргасыз болгон.

Жекшембиде америкалык күчтөр F-15 тик учагынын экинчи учкучун куткарганы белгилүү болгон. CBS News куткаруу операциясы маалында АКШ тарап эки жүргүнчү учагын ирандык тарап ээлеп албашы үчүн жок кылганын билдирди.

Дагы караңыз

Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду