Энергетикага алынган насыя келишимдерин текшерүү сунушу парламентте айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Кыргызстандын энергетика тармагында кол койгон бардык келишимдеринин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирди.

Комитет “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун талкуулады. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол коюлган.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, долбоордун жалпы баасы 67,7 млн евро. Анын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.

"Насыянын жалпы мөөнөтү 20 жылдык деп чектелип, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Долбоор ишке ашса электр менен камсыздоо ишмердүүлүгү жогорулап, авариялык тобокелчиликтер азаят, кайра жаралуу энергия булактарына өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт, жаңы жумуш орундары пайда болот", - деди министрдин орун басары.

Депутат Кожокулова энергетика багытында мурда кол коюлган эл аралык келишимдердин аткарылышын текшерүү зарылдыгын, бул үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын сунуш кылды.

"Айрым биздин кесиптештерибиз дагы энергетикалык тармактагы коррупциялык иштерге аралашканы айтылды. Эгер мурда дагы мындай макулдашуулар туура аткарылганда коррупция жана энергетика тармагында кризис болмок эмес. Кандай насыя алсак дагы бул биздин жарандардын, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна илинет. Ошондуктан комиссия түзүүнү биздин ыйгарым укуктарга ылайык карап чыгышыбыз керек", - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева консультациялык кызматтарга кеткен чыгымдарды макулдашуунун алкагында каралган гранттык каражаттардын эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр 16-сентябрда Кыргызстандын энергетика тармагы эки жылдын ичинде кризистен чыгарын билдирген.

2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Бул чектөө 1-апрелден бери токтотулду.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (КЕ)

Дагы караңыз

Дарегине айыптоо айтылган УКМК кызматкеринин ишин Аскер прокуратурасы тергейт"Крокустагы" терактка айыпталгандардын бири жанын кыйганы кабарланды"Ата-Бейитте" Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиТрамп 7-апрель Иран үчүн "акыркы мөөнөт" экенин айтты