Кыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкө аймагындагы көлдөрдө, көлмөлөрдө жана дарыяларда балыктын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы 7-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл чабак балыгына 15-майга чейин тыюу салынып, балык уулоого электрондук билет берүү убактылуу токтотулду.

- Ысык-Көл майда балыгына 1-майдан 1-июлга чейин,
- Каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин тыюу салынды.

Республиканын көлдөрүндө, суу сактагычтарында, көлмөлөрүндө жана дарыя-сууларындагы каңылтыр, жаян, кадимки кой балык, ак амур, акмурун макоо балыгы, кадимки чортон, жылан баш, кадимки көк серке балыктарына 5-майдан 20-июнга чейин балык уулоого болбойт.

Ал эми күмүштөй таман балык, кадимки алабуга, кызыл канат, арал чабагы, тыран, кубулма, кадимки чабак, ит мурун, дарыя маринка балыгын уулоого 5-июнга чейин тыюу салынды.

Ал эми дарыяларда лимиттелүүчү балыктын баалуу түрлөрүн дээрлик жыл аягына чейин уулоо болбойт. Буларга дарыя осман балыгы, амударыя жилингири (форель), Ысык-Көл жилингири (форель) балыгы кирет. Документте тыюу 1-октябрдан 15-декабрга чейин деп белгиленген.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы - Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Нефтетрейдерлер күйүүчү май кымбаттарын билдириштиБишкекте бир катар көчөлөрдүн аталыштары алмашты"Крокустагы" терактка айыпталгандардын бири жанын кыйганы кабарландыЭнергетикага алынган насыя келишимдерин текшерүү сунушу парламентте айтылды