Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 8-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирип, дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.
Мекеме белгилегендей, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
ӨКМ жарандарды кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс болууга чакырууда.
Кыргызгидрометеорология кызматы 8-апрелге чейинки жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин билдирүүдө. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (КЕ)