8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ошондой эле 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
8-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 14…19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын 11…13°, күндүз 15…17° болот.