Балбан Мурат Рамонов маңзатка байланыштуу кармалды | Жаңылыктар | 06.04.2026

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алтынчы кабаттан эки баласы менен кулаган келиндин сөөгү бүгүн жерге берилди. Анын ымыркай кызы чарчап калды, беш жашар кызы балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орусиянын армиясынын Одессага жасаган түнкү чабуулу 3 адамдын өмүрүн алды. Ошол эле маалда Орусиянын бир катар шаарлары да дрон чабуулуна дуушар болду. Балбан Мурат Рамонов бейбаштык жана маңзатка байланыштуу кармалганы маалым болду. Соцтармактарга тараган тасмасында ал жол коопсуздук кызматкерлерине баш ийбей, сөгүнгөнүн көрүүгө болот.