"Азаттык" кандуу окуяда ок тийген Бишкектин тургуну Бакыт Тургунбаев менен граната жарылып, эки бутун жоготкон мурдагы милиция кызматкери Алмаз Акчекеевден кабар алды.
Апрель окуясы: Эки жээктеги эки тагдыр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Быйыл Апрель окуясына 16 жыл болду. Элдик толкундоо учурунда 90дой адам окко учуп, миңдейи жараат алган. Кыргызстандын тарыхында кара так катары калган 7-апрелден бери жашоо кантип өзгөрдү? Жарадарлар мамлекеттен жетиштүү колдоо алып жатабы? Алардын үмүтү акталдыбы?