Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып алды. Чек ара кызматынан "Азаттыкка" билдиргендей, учурда анын абалы оор. Окуя 7-апрелде болгон. Учурда жоокер Алай райондук ооруканасында жатат.
"Ош облусундагы Чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан И уулу А. (2004-жылы туулган) АК-74 автоматы менен башына ок чыгарып, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды", - деп билдирди Чек ара кызматы.
Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.
Жоокердин жакындары маалымат бере элек.
Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.(КЕ)
"Эркечтам" өткөрүү пунктунда өзүн-өзү атып алган жоокердин абалы оор
Иллюстрациялык сүрөт.