Грек-рим күрөшү: Раззак Бейшекеев Азия чемпиону болду

Раззак Бейшекеев.

8-апрелде Бишкектеги “Жаштык аренада” өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 67 кг салмак ченинде жапониялык балбан Кенсуке Шимизуну 8:2 эсебинде утуп Азиянын чемпиону болду.

Ал Азия чемпионатында 2023-жылы коло, 2024-2025-жылдары күмүш алган. Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө (2024-ж.), кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону(2023-жыл). Азия оюндарынын коло медалынын ээси (2023-жыл). 20 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2022-ж.).

Бишкекте 6-апрелде башталган Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. Ага 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медал ойнотулууда.

7-апрелде кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин) жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) Азия чемпиону болушту. Ошентип, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы төрт алтын медал алды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жана Айпери Медет кызы (76 кг чейин) 9-апрелде финалда күрөшөт. 10-апрелде эркин күрөштөн мелдештер башталат. (BTo)


Дагы караңыз

Атайын кызматтар орусиялык хакерлер дүйнөдөгү роутерлерди бузуп киргенин аныкташтыАзия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алдыКыргызстандагы кылмыштуу топтун мүчөсү Орусияда кармалганы кабарланды"Эркечтам" өткөрүү пунктунда өзүн-өзү атып алган жоокердин абалы оорИИМ алтынчы кабаттан кулаган келиндин ата-энесине тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бердиИран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыКемпир-Абад иши: Прокуратура кассациялык сунуштама боюнча чечимин аныктай элек