АКШ президенти Дональд Трамп атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашылгандан бир нече саат өткөндөн кийин АКШ Иран менен “тыгыз” иш алып барарын билдирди.
Эки жумалык тыныгуу учурунда тараптар тынчтык келишимин түзүүгө аракеттенишет.
“Кошмо Штаттар натыйжалуу режим алмашууну башынан кечирген Иран менен жакындан кызматташат. Уран байытылбайт, АКШ бомбалоодон кийинки радиоактивдүү чаңды казып алып сакталышын камсыздайт”, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө.
Президент Иранга салынган санкциялар менен тарифтерди алып салуу талкууланарын жана тынчтык келишиминин 15 пунктунун көбү макулдашылганын кошумчалады.
Дагы бир постунда ал Иранга курал-жарак берген өлкөлөргө каршы 50% кошумча тариф киргизилерин эскертти. Кеп кайсы мамлекеттер тууралуу жүрүп жатканы такталган жок.
Буга чейин айрым медиа каражаттары Орусия Ислам жумуриятын пилотсуз учактар менен камсыздаганын жазышкан.
Жаңжалдашкан эки тарап тең атышпоо жөнүндө макулдашылгандан кийин жеңгенин жарыялашты.
Тегеран Вашингтон коркутууларын ишке ашырбай, 10 пункттан турган планга көнгөнүн билдирсе, Ак үйдүн администрациясы согуштун максаттарына жеткенин айтууда.
Атышууга Пакистандын арачылыгы менен жетишилди. Ал өлкөнүн өкмөт башчысы Шехбаз Шариф тынчтык сүйлөшүүлөрү жума күнү Исламабадда өтөрүн бышыктады.