Балыкчыда жеке нотариус коррупцияга шектелип кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 9-апрелде кабарлагандай, жеке нотариус - 1983-жылы туулган К.Ж.З.аттуу жаран юридикалык кызмат көрсөтүү жана жарандык юрисдикция чөйрөсүндөгү коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жүрүшүндө кармалды.

Маалыматта: "ал өз пайдасын көздөп, мыйзамсыз баюу жана мүлктүк пайда алуу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурганы" жазылып, көрсөтүлгөн документтерде тараптардын кол тамгаларын жасалмалаганы айтылган.

Ага ылайык, нотариалдык бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабары жок жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Натыйжада жабырлануучу мүлк ээлигинен мыйзамсыз ажыратылган.

Атайын кызмат нотариалдык мекемелер аркылуу мыйзам жана укуктары бузулуп, жабыркаган жарандарды +996 (3922) 51180, +996 555 540052 номурлары аркылуу коопсуздук кызматына билдирүүгө чакырган.(ZKo)

Дагы караңыз

Иран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыТрамп АКШ НАТОдон чыгуу ыктымалдыгын Рютте менен талкуулайтИзраил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду, көптөгөн киши каза тапты"Эркечтам" өткөрүү пунктунда өзүн-өзү атып алган жоокердин абалы оорКемпир-Абад иши: Прокуратура кассациялык сунуштама боюнча чечимин аныктай элек