Эки айда 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан 44% көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйылкы эки айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды.

Бул 2025-жылдын ушул айына салыштырганда 44% же 1416 учурга көп. Ички иштер министрлигинин маалыматында, бул убакыт аралыгында 3859 аялга коргоо ордерлери берилсе, 229 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган.

Зомбулуктан жабыркагандар арасында майыптыгы бар, улгайган адамдар, кыздар, жашы жете элек кыздар, балдар бар.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 1844 протокол түзүлүп соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 426 адам коомдук ишке тартылып, 1052 киши камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын 12 айында өлкөдө 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылга салыштырганда (17 миң 316 факт) 28% же 4836 фактыга көп.

Баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгонун билдирди. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.

Асаналиев үй-бүлөлүк зомбулукка жол бергендерге жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамдар кабыл алынганына карабай бул коомдогу эң курч маселелердин бири бойдон калып жатканын белгиледи. (КЕ)

Дагы караңыз

Кытай Кыргызстанга автоунаа оңдоочу устаканаларды куратБалыкчыда жеке нотариус коррупцияга шектелип кармалдыИран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыТрамп АКШ НАТОдон чыгуу ыктымалдыгын Рютте менен талкуулайт