Күйөрмандарды сүйүнткөн кыргыз балбандар

Асан Жанышов жеке машыктыруучусу менен. Бишкек.

Ушул күндөрү Кыргызстандын башкалаасы Бишкек күрөш дүйнөсүнүн ордосуна айланып, чөлкөмдөгү мен-мен деген балбандар Азия чемпионатында күч сынашууда. Бул мелдеш кыргызстандык эле эмес аймактагы спортчулар үчүн 2026-жыл башталгандан берки эң чоң турнир.

Грек-рим күрөшүнөн төрт алтын

Бишкектеги “Жаштык аренада” өтүп жаткан Азия чемпионаты 6-апрелде башталып, биринчи күндөрү грек-рим күрөшүнөн балбандар килемге чыгышты.

Бул жолу Кыргызстандан бардык 10 салмакта тең спортчулар күрөшүп, акыркы жылдардагы эң жакшы жыйынтыкты көрсөттү.

10 балбандын ичинен төртөө алтын алып, жалпы командалык эсепте Ирандан кийин экинчи болду. Үчүнчү орунду Өзбекстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы бөктөрүп кетти.

Эми алтын алган балбандар тууралуу сөз кылсак.

Азияны кой, Кыргызстанда аты-жөнү анча белгилүү эмес Автандил Таалайбек уулу 63 кг салмакта грек-рим күрөшүнөн биринчи жолу Азия чемпионатына чыгып, дебюттук турниринде дароо алтын медал тагынды. Ал быйыл Кыргызстандын ички чемпионатында жеңүүчү болуп, эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргоо мүмкүнчүлүгүн алган.

Ошентип, кыргыз коомунда Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу катары белгилүү 88 жаштагы Хаким Махмудов Кыргызстан үчүн дагы бир чемпионду тарбиялап чыгарды. Автандил Таалайбек уулу Азия чемпиону болгондон кийин Хаким Махмудов килемге көтөрүлүп, окуучусу менен желекти көтөрүп шайдоот чуркаганы күйөрмандардын эсинде калды. Ал эле эмес ар бир күрөштө окуучусуна секундант болуп, капталда кеп-кеңешин берип турду.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков 2024-жылда өткөн Париж Олимпиадасынан бери мелдештерге чыга элек. Ал жаракатынан эми-эми айыгып келатканын, жакынкы убакта килемге кайтып келерин айтты.

Раззак Бейшекеев.

21 жаштагы дагы бир кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 67 кг салмак ченинде акыр-аягы Азия чемпиону болду. Ал Азия чемпионатында 2023-жылы коло, 2024-2025-жылдары финалга чыгып күмүш алып калган.

Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө (2024-жыл), кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону(2023-жыл). Азия оюндарынын коло медалынын ээси (2023-жыл). 20 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган (2022-жыл). Беттегенин бербеген Раззак Бейшекеев көздөгөнүнө жетип, чоңдор арасында биринчи жолу Азия чемпиону болду.

Дагы бир спортчу Асан Жанышов да спорттук карьерасында грек-рим күрөшүнөн 87 кг салмакта биринчи ирет Азияны утту.

Кыргызстанда жеңил салмакта балбандар көп жана атаандаштык да жогору. Бирок оор салмакта саналуу гана балбандар бар. Алардын бири 20 жаштагы Асан Жанышов.

Ал Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2025-жыл), 20 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону (2024-жыл). 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку (2022-жыл), 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын үч жолку чемпиону (2023-жыл, 2024-жыл, 2025-жыл).

Ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн легендасы Акжол Махмудов төртүнчү жолу Азиянын чемпиону болду. Азырынча грек-рим күрөшүнөн мындай рекорд кыргызстандык бир да балбанда жок.

Кыргызстандын эле эмес күрөш дүйнөсүнүн жаркын жылдызы Акжол Махмудов бул жолку ийгилигинен кийин негизги максаты Олимпиаданын алтынын алуу экенин айтты.

Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш (2021-жыл), Париж Олимпиадасынын (2024-жыл) коло байге ээси. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016-жыл), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-жыл) жана коло байгелеринин ээси (2018-жыл), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-2017-жыл) болгон.

Акжол Махмудов өзбекстандык балбан Дониёрхан Накибов менен күрөшүп жаткан учур. Бишкек. 6-апрель, 2026-жыл.

Балбан кыздардын дүбүртү

8-апрелде кыз-келиндер арасында мелдештер башталып, кыргызстандык 9 балбан күч сынашып, бир алтын, бир күмүш, бир коло байге Кыргызстандын эсебине жазылды. Алтын байгеге Мээрим Жуманазарова ээ болду. Ал 68 кг чейинки салмакта финалда жапониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип алды.

Ушуну менен Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал буга чейин 2021-жылдагы чемпионатта алтын медал алган. Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-жыл), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-2019-жылдар). 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп Оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-жыл) жана жаштар арасында (2017-жыл) Дүйнө чемпионатынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Мээрим Жуманазарова. Бишкек, 9-апрель, 2026-жыл.

Ушул эле күнү 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалда монголиялык Даваанасан Энкх Амарга жеңилип (2:4), күмүш байге алды. Финалдык беттеш бүтөрүнө 11 секунд калганга чейин Медет кызы алдыда келе жаткан.

Монгол балбан кызы акыркы чечүүчү ыкма жасоого үлгүрүп, эки упай алып, жеңишти илип кетти.

Айпери Медет кызы ушуну менен 7-жолу Азия чемпионатынын финалында күрөштү. Ал буга чейин үч жолу Азия чемпиону болсо (2022-жыж, 2024-жыл, 2025-жыл), үч жолу күмүш медал тагынган (2020-жыл, 2021-жыл, 2023-жыл).

Ошондой эле ал Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш (2023-жыл, 2025-жыл) жана бир жолку коло байгесинин ээси (2021-жыл). Азия оюндарынын алтын (2023-жыл) жана коло (2018-жыл) байгелерин уткан. Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Кадеттер арасында Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2016-жыл).

65 килограммга чейинки салмакта Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Фируза Эсенбекованы жеңди (4:2).

Бул байге Таштанбекованын Азия чемпионатындагы экинчи коло байгеси. Ал 2024-жылы дагы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, 3-орунду ээлеген.

Учурда 21 жашта. 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022-ж.). 20 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын күмүш (2023-ж.), коло (2024-ж.) байгелерин алган. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону (2024-ж.) жана коло байгенин ээси (2025-ж.). Ушул эле куракта Дүйнө чемпионатында дагы коло медал алган. Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси.

Азия чөлкөмүндө кыз, эркек дебей жалпы балбандардын арасында рекорд жараткан – бул Айсулуу Тыныбекова. Ал алты жолу Азиянын чемпиону болгон. Азырынча бул рекордду эч ким кайталай элек.

Кыргызстан эле эмес күрөш дүйнөсү тааныган Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызылардын артынан азырынча алардын деңгээлинде күрөшкөн кыз-келиндер чыга элек.

Азия чемпионаты Бишкекте өтүп жатканы күрөш күйөрмандарына чоң майрам болду.

Эл “Жаштык аренага” жык толуп, бут коёрго жер жок.

Бул жолку мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү чемпионат шарты бар атайын аренада өтүп жатканы. Буга чейин мындай эл аралык чоң-чоң мелдештер Бишкектеги муз аянтчасында уюштурулуп келген.

10-апрелден баштап эркин күрөш боюнча беттештер башталды.

Кыргыз балбандарына ийгилик каалап, жаракат албасын деп тилек кылабыз!