Зеленский Украина Жакынкы Чыгышта ирандык дрондорду атып түшүргөнүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин адистери Жакынкы Чыгышта ирандык дрондорду атып түшүрүшкөнүн билдирди.

“Биз Жакынкы Чыгышка аскердик эксперттерибизди, анын ичинде пилотсуз учактарды атып түшүрүү жана радиоэлектрондук согуш боюнча адистерди жөнөткөнбүз. Биз кээ бир өлкөлөргө дрондорду кантип атып түшүрүү керектигин тартууладык. Ирандын “шахеддерин” жок кылдыкпы? Ооба, жок кылдык. Бир өлкөдө кылдыкпы? Жок, бир нече өлкөдө. Менимче, бул ийгилик”, - деп жазды Зеленский Х социалдык тармагындагы постто.

Марттын этегинде украин лидери аймакты кыдырып, Перс булуңундагы ирандык пилотсуз учактар аба мейкиндигин бузган өлкөлөргө Украинанын дрондорун жана дрондорго каршы технологияларын сунуш кылган.

Сапар учурунда Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтери менен узак мөөнөттү коопсуздук кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлган.

“Өздөрүнүн Абадан коргонуу системаларын бизге көрсөткөн өлкөлөрдө эксперттерибиз аларды күчтөндүрүү кеңештерин беришти”, - деп кошумчалары Зеленский.

Анын айтымында, Украина дрондорду “реактивдүү кыймылдаткыч” менен атып түшүргөн.

Марттын башында Зеленский Украинада төрт жылдан бери уланып жаткан согуш Киевге дрондорду атып түшүрүү боюнча өзгөчө тажрыйба топтоого шарт түзгөнүн билдирген. Орусия кошуна өлкөсүн негизинен Иранда жасалган “Шахед” пилотсуз учактары менен аткылап келет.

Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операция баштагандан кийин Тегеран жооп иретинде Израилди гана эмес, америкалык базалар жайгашкан аймактагы башка өлкөлөрдү да бутага алган.

Дагы караңыз

БУУ катуу бомбаланган Ливан азык-түлүк кризисинин кырында турганын эскерттиБишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыБоом капчыгайындагы кыймыл убактылуу чектелет