Жогорку Кеңеш: Талаштуу каттын таржымалын ким айтат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топ кайрылуу жасаганынан туура эки ай өттү. Бул кайрылуу андан бери кыргыз саясатын аңтар-теңтер кылып өзгөртүп, ордо оюндарына себеп болду. Анын артынан башталган кадрдык өзгөртүүлөр камоолор менен коштолду.