Ош: Президент менен кезиге албай калган тургундар нааразылыгын билдирди

Ош шаарында президент менен жолугушууга барган тургундар. 10-апрель, 2026

Бүгүн 10-апрелде президент Садыр Жапаровдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусуна ондогон адамдар кире албай калышты. Жыйынга журналисттер дагы киргизилген жок.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдиргендей, мамлекет башчы менен жолугушууга катышкандар телефондорун таштап киришти, жыйын жабык өттү.

"Мен үй боюнча келдим эле. Биздин үйүбүз мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда бузулган. Үйүбүздү арзан баалап, калганын төлөгөнгө эч шартыбыз жок. "Энесайдан" үй берген. Аймактык милиция бир апта мурда паспортубузду алып, тизмеге киргенбиз. Анан чийип салганбы, азыр киргизбей койду. Ошол маселени айталы десек президентке киргизбей жатат. Карапайым элдин көйгөйүн чечпей, баягы эле байлар, колунда барларды киргизет", - деди жолугушууга келип, бирок кире албай калган Гүлжан Алдакулова.

Ал эми президент менен жолугушууга катышып чыккан шаар тургуну Айзирек Абдисаламова көбүнесе үйлөрдүн буздурулушу, шаардыктардын укуктарынын бузулушу тууралуу маселелер козголгонун "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жолугушууга катардагы жарандар, ишкерлер катышты:

"Жалпы 600-700 тегерегинде жаран бар экен бизнес өкүлдөрүн кошкондо. Компенсация маселеси жакын арада чечилип берилет деп айтылды".

Шаар тургундарынын президент менен жолугушуусуна кире албай калышы жана түзүлгөн тизме боюнча Оштун мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" жооп берди:

"Жалпы кечээ деле президент келет деп соцтармактарга коюп жатышты. Мэриянын алдына келе берген ишкерлерди мен өзүм чакырдым. Бир гана укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева кирбей калган экен, киргизгиле дедик. Укук коргоочу, адвокаттар кирип, коррупциялык схемалар тууралуу айтышты. Балким айрым жерлерде "сиз барасыз" деп эски адат болуп кетиши мүмкүн, андай болбоду деп дагы айта албайм. Бирок биз көйгөйү бардын баарын чакыргыла дегенбиз. Көйгөйлөр айтылды, ачык, түз диалог болду".

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна бүгүн 10-апрелде барды.

Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат. (КЕ/NK)

Дагы караңыз

Токаев парламенттик шайлоо августта болорун жарыяладыАбхаз, армян жана башка номурлуу автоунаа жок кылынатЗеленский Украина Жакынкы Чыгышта ирандык дрондорду атып түшүргөнүн билдирдиБУУ катуу бомбаланган Ливан азык-түлүк кризисинин кырында турганын эскертти