Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, Венгрияда жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо оңчул-борборчул "Тиса" партиясы премьер Виктор Орбандын “Фидес” партиясын жеңиши мүмкүн.
Бийликте 16 жылдан бери турган улутчул өкмөт башчы бул ирет мурда болуп көрбөгөндөй атаандаштыкка туш болду. Ошол эле маалда өз тандоосун аныктай элек шайлоочулар көп болгону өнөктүктүн жыйынтыгын алдын ала айтуу кыйын.
Publicus институтунун сурамжылоосуна ылайык, өкмөттүн мурдагы кызматкери Петер Мадьяр жетектеген "Тисаны" респонденттердин 52% колдорун айткан. "Фидеске" 39% артыкчылык берет.
Шайлоо кампаниясы тыңшоо, жалаа жабуу, купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу өңдүү жаңжалдар менен коштолду.
Орбанды эркин медианы жана демократиялык укуктарды чектөө, “либералдуу эмес демократия” орнотуу менен барган сайын бийлигин бекемдегени үчүн сындашат.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кремл колдогон премьер Европадагы ашынган оңчулдар жана “Американы кайра улуу дөөлөткө айландырабыз” (MAGA) деген кыймылдын тарапташтары арасында популярдуу.
Акыркы үч жылдан бери экономикалык өсүштүн токтоп калышы жана баалардын өсүшү, өкмөткө жакын олигархтардын байып жатышы венгриялык добуш берүүчүлөрдү нааразы кылууда.
Орбан Еврошаркетти, Брюсселдин Украинага жардам бергенин катуу сындаганы менен да белгилүү.