Ош: Жапаров элдин суроолоруна түз жооп берип, талаш маселелерди тынч жөнгө салууну тапшырды

Ош шаары. Президент менен жолугушууда суроолорун берип жаткан жарандар.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 10-апрелде Ош аймагына башталган иш сапары алкагында Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жыйын Ош улуттук драма театрынын имаратында уюштурулганын, жалпы үч сааттай созулганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров көтөрүлгөн маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү берип, аларды чечүүнүн жолдорун айтканы, эл менен түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилегени маалымдалды.

Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар президентке социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык актуалдуу маселелер боюнча түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышканы белгиленди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тургундардын жеке маселелеринен тартып коом үчүн маанилүү болгон ар түрдүү кайрылуулары айтылды. Негизинен алар жер тилкелерине болгон укуктарга, анын ичинде үлүш жерлер боюнча талаштарга, ошондой эле шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында турак үйлөрдү бузууга байланышкан жагдайлар боюнча болду. Жарандар муниципалдык органдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылууну жана компенсация төлөө маселесин кароону өтүнүштү", - деп билдирди мамлекет башчынын маалымат кызматы.

Ошондой эле, маалыматта айтылгандай, жолугушууда социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Анын ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу, мектеп жана бала бакча куруу, спорттук объекттерди түзүү, газдаштыруу жана канализация системасын өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Тургундар унаа тыгындарына, курулуш иштеринин сапатына жана турак жайдын жеткиликтүүлүгүнө, анын ичинде ипотекалык программаларга байланышкан көйгөйлөргө да көңүл бурушту.

Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн бардык маселелерди мыйзамдын негизинде кароону, жарандардын укуктарын коргоону, зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, тийиштүү компенсацияларды төлөп берүүнү жана талаштуу жагдайларды тынч жол менен жөнгө салууну тапшырды. Мындан тышкары, авариялык деп табылган Ош шаарынын медициналык жардам кызматынын учурдагы имаратынын ордуна жаңы имарат курууну баштоо, ошондой эле социалдык объектилерди курулушуна көңүл буруу тапшырмасы берилгени кабарланды.

Президент менен жолугушууга кире албай калганын айткан бир топ жарандар имараттын алдында чогулуп, нааразылыгын билдиришкен. Алар мүлк маселесинен улам бийликке үнү жетпей жатканын айтышкан.

Ошол эле учурда жолугушууга кирип чыккандар Оштогу үйлөрдүн буздурулушу, шаардыктардын мүлк укуктары тууралуу маселелер козголгонун "Азаттыкка" билдиришкен.

Оштун мэри Жанарбек Акаев "Көйгөйлөр айтылды, ачык, түз диалог болду", - деп "Азаттыкка" айткан.

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна бүгүн 10-апрелде барды.

Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат. (RK)

Дагы караңыз

Венгрия: Сурамжылоолор Орбан утулушу мүмкүн экенин көргөзүүдөОш: Президент менен кезиге албай калган тургундар нааразылыгын билдирдиИсламабад АКШ менен Иранды элдештиреби?Токаев парламенттик шайлоо августта болорун жарыялады