Forbes Women Kazakhstan басылмасы өлкөнүн эң бай аял ишкерлердин рейтингин биринчи жолу жарыялады. Маалыматка караганда, тизмедеги 25 ишкер аялдын капиталы 8,1 млрд долларды түзөт. Анын 67% бир эле кишиге таандык, 87% сап башындагы беш ишкердики.
Тизменин эң жогору жагында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы Динара Кулибаева турат. Журналдын эсебинде анын байлыгы 5,4 млрд долларга жетет. Активдеринин негизги бөлүгүн «Халык Банк» банкындагы акциялар түзөт. Мындан тышкары Mercury Properties компаниясында капиталы бар.
Мукадасхан Ибрагимова (650 миллион доллар) жана экс-президенттин тун кызы Дарига Назарбаева (550 миллион доллар) тизмедеги экинчи жана үчүнчү орундарда турат.
Басылма белгилегендей, тизмедеги байлыктын 85-90% үй-бүлөлүк же жуптардын активдерине туура келет. Бирок аялдар капиталдын ээси гана эмес, бизнес-менежер жана жаңы багыттарды иштеп чыккан адистер деп көрсөтүлгөн. Бул өзгөчө чекене соода, билим берүү, финансы, тейлөө тармактарына мүнөздүү.
Эң көп байлык чийки заттар, энергетика, финансы, курулуш жана коммерциялык кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө катталган. Андан башка рейтингде маанилүү деп кымбат баалуу товарлардын соодасы, зергер бизнеси, агробизнес жана басмаканалар маанилүү тармактар деп сыпатталат.