Исламабад: АКШ менен Иран макулдашууга келе албады

АКШнын вице-президенти Жей Ди Венстин маалымат жыйыны. Исламабад, Пакистан. 12-апрель, 2026-жыл.

Пакистандын борборундагы 21 сааттык оор дипломатиялык иш-чарадан соң, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү жылыш болбой, үзгүлтүккө учурады.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 12-апрелдин таңында жабык отурумдан чыгып, диалог "маңыздуу" болгону менен, Тегеран аягында Вашингтондун коопсуздук боюнча негизги талаптарынан баш тартканын жарыялады.

АКШнын вице-президентинин басма сөз жыйыны 12-апрелде эртең менен Пакистандын телеканалынан көрсөтүлдү.

"Биз бул маселенин үстүндө 21 сааттан бери иштеп жатабыз... Биз ирандыктар менен бир катар маанилүү талкууларды жүргүздүк. Бул жакшы жаңылык, - деди Вэнс.- Жаман жаңылык - биз келишимге жетише элекпиз. Менимче, бул Иран үчүн АКШга караганда алда канча жаман жаңылык".

Вэнс АКШ администрациясынын "негизги максаты" - Ирандын өзөктүк курал даярдоосуна жол бербөө экенин белгиледи. Ал эки тараптын ортосундагы ажырым кенен деп мүнөздөдү.

Вэнс америкалык делегация сүйлөшүүнүн аягына чейин президент Дональд Трамп жана анын коопсуздук командасы - коргоо министри Пит Хегсет жана мамкатчы Марко Рубио менен дайыма байланышып турганын белгиледи.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Бахаи сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги Вашингтондун "ашкере талаптардан жана мыйзамсыз өтүнүчтөрдөн карманганына" жараша болорун, Ирандын "кызыкчылыктары жана укуктары мыйзамдуу" экенин социалдык тармакта билдирди.

Ал "интенсивдүү" жолугушууларды Ормуз кысыгы, согуштук компенсациялар жана "Иранга каршы согушту толугу менен токтотуу" сыяктуу түрдүү нааразычылыктарды камтыйт деп мүнөздөдү.

Пакистандын борбору Исламабадга АКШ менен Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрү барды. Бул өлкөдөгү соңку 40 жылдан берки эң маанилүү дипломатиялык иш-чара. Эки тарап Пакистандын ортомчулугу менен эки аптага ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен жана сүйлөшүүнү улантууну макулдашкан.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Оштогу жолугушууларда кемчиликтерди байкаганын билдирди Президент Оштун мурдагы мэринин ишине укуктук баа берилерин айттыИсламабаддагы "бетме-бет сүйлөшүү". АКШ менен Иран мунаса тапкан жок "10 млн долларлык чай ичтиң..." Абдыкеримов Ташиевге кайрадан доомат арттыОрусия менен Украина 175 кишиден туткун айырбаштады