Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болду

Акмат Бакиев. 11-апрель, 2010-жылы тартылган сүрөт

Апрель ыңкылабында кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болгонун "Азаттыкка" анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, 66 жаштагы Бакиев 13-апрелде Өзбекстандын аймагында каза болгон.

Ал соңку жылдары ооруп жүргөнү айтылууда. Акмат Бакиевдин сөөгү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунда жерге берилет.

Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев бийликте турган жылдары Жалал-Абад облусундагы таасирдүү фигуралардын бирине айланган.

2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган.

2012-жылдын башында ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. Ошол жылдын март айында Бакиевдин өлкөдөн качып кеткени маалым болгон. Андан бери анын кайда экени тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Дагы караңыз

Кургакчылык: Суу тартыш, түшүм азайды Орусияда азери диаспорасынын башчысы 24 жылга кесилди