Социалдык тармакта мэриянын демилгесине каршы чыккандар окуу жайдын аймагынан жол өткөрүү шаардагы жашыл аймактын кыскарышына, коопсуздукка кедерги болот деген жүйө келтирүүдө. Шаар бийлиги болсо мындай демилге жол тыгындарын азайтууну көздөрүн айтып жатат.
Бишкек шаардык мэриясы алты миңден ашык студент билим алган «Манас» университетинин кампусун аралап өткөн жолду ачууну көздөгөнү өткөн апта соңунда белгилүү болду. Мэр Айбек Жунушалиев окуу жайдын аймагын аралап эки жол салынарын айткан. Алардын бири кампустун батыш тарабындагы дарбазадан Минжылкыев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисине туташтыруу болсо, экинчиси Анарбек Бакаев көчөсүн Түштүк магистралга кошууну көздөйт. Шаар бийлиги мындай чара жол тыгындарын азайтууга өбөлгө болот деген ишеничте:
"Кечээ күнү "Манас" окуу жайынан бак-дарактарды кыйылат деген. Мына бактар тээ алыста турат. Ал жакка эч ким жетпейт, жолго таасирин да бербейт. Эч кандай тоскоолчулук кылбайт. Айтылгандардын баары калп. Бул жерде бир дагы бакты ала турган максатыбыз жок", - деп маалымат берген шаар башчысы Айбек Жунушалиев.
Бишкек мэриясынын мындай планы жарыяланары менен «Манас» университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, бир катар шаар тургундары бул чечимди каршы чыгышты. Алар кампустун аймагын кесип жол куруу студенттердин коопсуздугуна коркунуч келтирип, жашыл аянттын азайышына алып келери айтышууда. Буга байланыштуу шаар бийлигинен жолду ушул аймактан алып өтүү демилгесинен баш тартып, альтернативалуу сунуштарды кароого чакырышкан. Мындай мазмундагы петицияга 4500дөн ашык адам кол койсо, социалдык тармактарда пикирин жазгандар көп болууда.
Талкуу жараткан маселе боюнча учурда окуу жайдын студенттеринин пикирин уктук.
Мүрөк Айбекова
Мүрөк Айбекова: «Мен муну башында укканда терс кабыл алдым. Анткени жолдун эки бетинде тең окуу жайдын имараттары жайгашкан. Эгер чоң жол түшсө студенттерге тоскоолдук болот. Бул жер тынч кампус, жол түшсө ызы-чуу болуп калат».
Айзат Таалайбек кызы
Айзат Таалайбек кызы: «Бул маалыматты ишемби күнү уктум. Бул жолго студенттердин көбү каршы. Бул студенттер үчүн эле эмес, Жал аймагынын жашоочулары үчүн да жалгыз сейил багы. Биринчиден - коопсуздук, экинчиден - жашыл аймактардын жок болот».
Адеми Сейитбекова: «Негизи эле бардык университет ушундай кампус болушу керек. Кампустун ичинде бардык ишиңди эркин бүтүрүүгө болот. Жол салынбасын».
Чынгыз
«Ачпаса деле жакшы болмок. Анткени бул жер парк болгондуктан ачпаганы эле жакшы. Бул жол ачылган менен деле тыгын азайбайт. Тескерисинче, көбөйөт»,-деди Бишкек шаарынын тургуну Чынгыз.
Эгер шаар бийлигинин демилгеси ишке ашса, Минжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин 1,3 чакырымга узарат. Бирок Жал кичи районунда жашаган тургундар окуу жайдын аймагы бул жактагы жашоочулар үчүн жападан жалгыз жашыл аймак экенин айтып жатышат.
Жергиликтүү бийлик негизги максат жол тыгындарын азайтуу экенин айтууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча,бул көчө ишке түшсө, Жайыл баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндөгү тыгын 30% азайышы мүмкүн.Ал эми айрым айдоочулар бул жолдун ачылышын колдошот.
«Бул жерден жолду ачып койсо жакшы болот. Эртең менен жана кечинде тыгын көп болот. Убакыт үнөмдөлөт. Зарылчылык бар», - экенин Толик Султанов айтты.
Окуу жайдын жетекчилиги азырынча расмий жооп бере элек. Маалымат борбору да жергиликтүү бийликтен расмий билдирүү келе электигин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Окуу жайда студенттер акысыз билим алышат. Жалдагы кампуста окуу корпустарынын сырткары студенттер үчүн жатаканалар, илимий изилдөө борборлору, спорттук жайлар курулган. Бул үчүн кыргыз өкмөтү 70 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берип, ал эми түрк тарап аны толугу менен каржылайт.
Айрым талдоочулар бул окуу жайдын эл аралык макамын эске алуу менен чечим Бишкек мэриясынын деңгээлинде эмес, эки өлкө өкмөттөрүнүнүн ортосунда чечилиши керектигин айтышууда.
"Бул окуу жайды эки өлкө бирге курган. Ошол убактагы президенттер, эки өлкө биргелешип ачкан. Кайра бир нерсеси карала турган болсо, эки тарап макулдашып каралса туура болот деп ойлойм. Шаардын бийлиги өзүм билемдик кыла бербей мамлекеттик денгээлде чечилиш керек", - деди “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү Узакбек Бакиров.
Буга чейин шаар башчысы Жунушалиев социалдык тармактагы түз эфирде түшүндүрмө берип, университеттин аймагындагы жашыл аймактар каларын жана коопсуздук маселеси жер алдындагы өтмөктөр аркылуу чечилерин айткан.