Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? | Жаңылыктар | 14.04.2026
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Ред Петролеумдун” жетекчиси Акылбек Маматов кармалганы кабарланды. Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? Бул арада Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана бир катар кызматкерлер кармалганы айтылды. Казакстанда Бээжиндин саясатына каршы чыккан 19 киши жапырт соттолду. Айыпталгандардын көбү беш жылга кесилип, айрымдарына эркиндигин чектөө жазасы берилди.