Казакстанда мобилдик акча которууларды текшерүү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда 15-апрелден тарта салык органдары жарандардын мобилдик акча которууларын текшере баштайт. Расмий маалыматка караганда, бул механизм катталбаган ишкердикти аныктоого багытталган.

Казакстандын Каржы министрлиги жана Мамлекеттик кирешелер комитети билдиргендей, банктар 15-апрелге чейин 2026-жылдын январь–март айларындагы шектүү операциялар тууралуу маалыматтарды жөнөткөн.

Текшерүүчүлөр үч ай катары менен ай сайын 100 же андан көп ар башка булактан акча түшүп, бул көрүнүш үзгүлтүксүз кайталанып жана жалпы сумма 12 минималдык айлык акыдан (1 млн 20 миң теңгеден) ашкан учурларга көңүл бурушат.

Андан кийин тизмеге илинген жарандарга май айынан баштап e-Salyq Azamat, салык төлөөчүнүн жеке кабинети же SMS аркылуу билдирүү келет.

Бул дароо айып пул салынат дегенди билдирбейт. Жаранга каражаттын кайдан келгенин жана максатын түшүндүрүүгө 30 иш күнү берилет.

Расмий түшүндүрмөдө күнүмдүк турмуштагы акча которуулар, туугандар ортосунда жардам берүү, той-топурга акча чогултуу, туулган күнгө белек, кайрымдуулук сыяктуу акча которуулар ишкердик киреше катары эсептелбей турганы айтылган. Эгер муну тастыктаган далилдер (чат скриншоту, билдирүүлөр, медициналык справкалар же карыз кайтаруу жазуулары) көрсөтүлсө, бул жетиштүү негиз болуп эсептелет.

Мыйзам талаптарын аткарбагандарга ар кандай деңгээлдеги айып пул салынат.

Серепчилердин айтымында, мындай текшерүүлөр өзгөчө чакан соода-сатык менен алектенгендерге, үйдөн кызмат көрсөткөндөргө жана фрилансерлерге таасир этерин белгилешет.

Бийлик бул чара көмүскө акча жүгүртүүнү азайтуу, чакан бизнести мыйзамдаштыруу жана накталай эмес төлөмдөрдүн ачыктыгын күчөтүү максатын көздөй турганын билдирет.

Ошондой эле салык органдары туруктуу киреше белгилери бар эсептерге гана көңүл бурарын, ал эми жөнөкөй жарандардын жеке максаттагы которуулары текшерилбей турганын буга чейин бир нече жолу белгилешкен.

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеттиТрамп Иран менен ок атышууну токтотуу келишимин узартуу планы жок экенин билдирдиОш шаарында 735 295 сомдук алимент өндүрүлдү