Камчыбек Ташиев футбол биримдигинен кетти, эми ким тескейт? | Жаңылыктар | 15.04.2026

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери бүгүн расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Айдарбековдун ишинде саясий мотив канчалык? Орусия украин аймагын жүздөгөн дрон жана ракета менен аткылады. Ал арада Германия менен Украина 4 млрд евролук коргонуу келишимин түзүштү.