АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен 15-апрелде Вашингтондо жолугушту. Алар Америка менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилесиндеги негизги артыкчылыктуу багыттарды талкуулаганы Мамдепартамент тараткан билдирүүдө белгиленет.
Маалыматка караганда, Рубио миграция мыйзамдарын аткаруу жаатында кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле ал расмий Бишкектин санкциялык талаптарды сактоону бекемдөөнүн маанисин белгиледи.
Мындан тышкары, Рубио Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде инфраструктура, сейрек кездешүүчү минералдар жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин айтты.
Кошмо Штаттар Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууну улантууга жана C5+1 дипломатиялык платформасы аркылуу аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.
Былтыр 6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп С5+1 форматындагы саммит өткөргөн. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан.