Өзбекстан мал чарба тармагындагы бир нече долбоорду ишке ашыруу максатында Беларустан айдоо аянттарын узак мөөнөткө ижарага алууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Дунё» кабар агенттиги жазды.
Тиешелүү келишимге Кашкадарья облусунун делегациясынын Беларуска сапары учурунда жетишилди. Маалыматка ылайык, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Өзбек делегациясы Витебск облусундагы мал чарба комплекстеринин жана соода жайларынын иши менен таанышып чыкты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Asl Yuksalish Savdo, Muborak qorako‘lchilik жана беларустук «Сиротинский» фермасы орток долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашы. Ага ылайык, өзбек тарап 4 миңдей гектар айдоо аянтын ижарага алмакчы.
Ал жерде мал чарба комплексин ачуу, башында миң баш бодо малды көбөйтүү каралууда.